Эларалык келишимдерди жаңылоо pn1 Dv 02도t D
Эларалык келишимдерди жаңылоо – мурдагы келишимдерди жаңы шарттарга жараша колдонууга шайкеш келтирүү максатында, аны жаңы милдеттенмелер менен жарым-жартылай же толук алмаштыруу жолу менен эларалык келишим боюнча милдеттенмелерди жаңылоо. Э. к. ж. келишим түзгөн тараптардын өзара макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат (анын аракет мөөнөтүнө же жаңы мөөнөткө). Ал бүтүндөй келишимге же анын кандайдыр бир бөлүгүнө тийиштүү болот.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7